Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:44

Ленин округунан шайлоого катышууга арыз бергендер 21ге жетти


Бишкек шаарындагы шайлоо округдарынын картасы.
Бишкек шаарындагы шайлоо округдарынын картасы.

Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайрадан шайлоого катышууга ушул күнгө чейин жалпы 21 адам арыз берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтында кабарланды.

Акыркылардан “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын коопсуздук адиси Андрей Скорняков, IFES эл аралык фондунун кызматкери Гүлмира Усубалиева жана Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окутуучусу Салтанат Сагидаева арыз берген.

Ага чейин Эркин Булекбаев, Максат Кунакунов, Марат Арзыкулов, Актилек Нурланбеков, Мирлан Камбаров, Бекзат Иманкулов, Азат Абдылдаев, Улугбек Калыков, Карачач Исмаилова, Нурлан Сакиев, Данияр Тербишалиев, Эртай Искаков, Ажыбек Касмалиев, Роман Мокейчук, Аким Маликов, Өмүрбек Суваналиев, Турсунбай Бакир уулу жана Айбек Субанов шайлоого катышуу ниетин билдирип кайрылган.

Округ боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо быйыл 28-майда өтөт. Боршайком шайлоонун жалпы сметасын 18 млн. 636 миң 500 сом деп эсептеген.

Боршайком 27-мартта Жогорку Кеңештин депутаты, "Мекенчил" фракциясынын мүчөсү Жаныбек Абировду өзү жазган арызына байланыштуу мандаттан ажыраткан. Буга Бишкектеги ресторандардын биринде Абиров катышкан мушташ себеп болгон. Окуядан 26 жаштагы күзөтчү мээси чайкалып, мурду сынып ооруканага түшкөн.

Милиция 13-мартта мушташка катышы бар деген шек менен эки адамды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен иш козгогон. (ErN)

XS
SM
MD
LG