Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:27

Казакстанда Улуттук коопсуздук комитетинин экс-төрагасы Карим Масимов 18 жылга кесилди


Карим Масимов. Архивдик сүрөт.
Карим Масимов. Архивдик сүрөт.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Карим Масимов 18 жылга кесилди. Мындан тышкары анын мал-мүлкү конфискацияланып, өмүр бою мамлекеттик иштерге аралаша албайт.

Сот аны мамлекеттик чыккынчылык, бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу, бийликти жана кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу боюнча күнөөлүү деп тапты.

Мындан тышкары Масимовдун үч орун басарына да чечим чыкканы белгилүү болду. Ага ылайык, Ануар Садыкулов 16 жылга, Даулет Ергожин 15 жылга соттолсо, Марат Осипов үч жылга эркинен ажыратылды. Сот чечими чыккан төрт адам тең мамлекеттик наамдарынан, генерал чининен ажыратылды.

Мындан тышкары мамлекеттин эсебине 10 млрд. теңге, 24 млн. АКШ доллары кайтарылганы кабарланды.

Масимов 2022-жылы Казакстандагы кандуу январь окуясында кызматтан алынып, 6-январда камалган. Бул иш боюнча анын орун басарлары Ануар Садыкулов, Даулет Ергожин жана Марат Осипов да камалган. Ал эми Масимовдун биринчи орун басары, экс-президент Назарбаевдин инисинин баласы Самат Абиш да кызматтан алынган. Бирок ага айып тагылган эмес.

Масимов туңгуч президент Нурсултан Назарбаевдин көп жылдан берки санаалашы катары белгилүү. Кытайда туулган, кийин казак жарандыгын алган 57 жаштагы Карим Масимов коңшу өлкөнүн атайын кызматын 2016-жылдан тарта жетектеген. Ага чейин 2007-2012-жылдары жана 2014-2016-жылдары казак өкмөтүн башкарган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG