Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:11

Бишкекте жол кырсыгынан жабыркаган 16 окуучу ооруканадан чыгарылды


Жол кырсыгына кабылган балдар. 20-апрелде тартылган сүрөт.
Жол кырсыгына кабылган балдар. 20-апрелде тартылган сүрөт.

Бишкектен “Манас” аэропортуна бараткан жолдо 20-апрелде жол кырсыгына кабылып ооруканага түшкөн балдардын 16сы үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу борбор калаадагы №3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов 25-апрелде “Азаттыкка” билдирди.

“Алар кечээ үйлөрүнө чыгарылды. Азыр ооруканада сегиз бала калды. Реанимациядагы бала эсине келе элек”, - деди Маманов.

20-апрелде түшкө жакын Бишкектен “Манас” аэропортун көздөй бараткан жолдо автобус менен кичи автобус кагылышкан. Социалдык тармактарга тараган видеодон кырсыкка кабылган автобус кызматтык экенин көрүүгө болот.

Автокырсыктан жаракат алып ооруканага жалпы 27 бала кайрылган. Анын үчөөнүн жаракаты жеңил болгондуктан үйлөрүнө чыгарылган.

Айдоочу №4 травматология ооруканасына жаткырылган.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кырсык боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (“Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын 24-апрелде билдирген.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, жол кырсыгына кабылган автобустун ичинде Сокулук районундагы “Ат-Башы мектеп-лицейинин” башталгыч класстарынын окуучулары болгон. Автобус балдарды мектепке ташып турган. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG