Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:33

Владимир Зеленский Кытайдын лидери менен телефондон сүйлөштү


Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

Украинанын президенти Владимир Зеленский Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен телефондон сүйлөшкөнүн билдирди.

Ал "бул маңыздуу сүйлөшүү Украинанын Кытайга жаңы элчисин дайындоо менен катар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө түрткү болоруна ишенерин" Твиттерге 26-апрелде жазды.

Зеленский менен Си Орусия Украинага толук масштабдуу басып киргенден бери биринчи жолу сүйлөштү.

Си Цзинпин мартта Москвага мамлекеттик сапар менен барган. Анын фонунда маалымат каражаттары Кытай төрагасынын украин лидери менен сүйлөшүү ниети бар экени тууралуу да жазышкан.

Владимир Зеленский Си Цзинпинди Украинага келип кетүүгө чакырганын март айында Associated Press агенттиги кабарлаган.

Февралда Бээжин 12 пункттан турган "тынчтык формуласын" сунуш кылгандан кийин Зеленский Кытайдын лидери менен бетме-бет сүйлөшүүгө кызыкдар экенин айткан.

Бээжин Украинадагы согушту колдогон эмес, бирок Москванын аракетин да сындабайт. Орусияга салынган эл аралык санкцияларга кошулган эмес.

XS
SM
MD
LG