Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:50

Пакистанда поезддеги өрт жети кишинин өмүрүн алды


2019-жылы Пенжаб провинциясында күйүп кеткен поезддин сүрөтү. Иллюстрация үчүн колдонулду.
2019-жылы Пенжаб провинциясында күйүп кеткен поезддин сүрөтү. Иллюстрация үчүн колдонулду.

Пакистандын Карачи шаарынан Лахорго бараткан поездден чыккан өрт кеминде жети кишинин өмүрүн жалмады, алардын төртөө балдар. Окуя 26-апрелде кечинде болду.

Темир жолдун расмий өкүлү Мохсин Сиал поезд Карачиден 500 чакырым алыстагы Хайрпур районунда күйүп кеткенин билдирди.

Төрт бала, бир улгайган аял жана бир эркек киши вагондун ичинде набыт болгон. Бир аял поезддин терезесинен секирип көз жумган. Окуянын чоо-жайын тактоо үчүн тергөө башталды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG