Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:42

Тажикстанда май куюучу жайдагы жарылуудан адам өмүрү кыйылды


Душанбе шаары. 2023-жылдын 28-апрели.
Душанбе шаары. 2023-жылдын 28-апрели.

Тажикстандын борбор шаары Душанбеде май куюучу станциядагы жарылуудан бир адам каза болгонун “Азаттыктын” тажик кызматы билдирди. 28-апрелде "Соро Ойл" мунай ишканасына таандык май куюучу жайда өрт чыкканы, жарылуу болуп, бир адам жабыркаганы, ал ооруканада көз жумганы кабарланды.

Душанбе шаардык милициясы өрт суюлтулган газды автомашинадан станцияга жүктөп жаткан учурда чыкканын кабарлады.

Журналисттер жеринен кабарлагандай, жабыркагандар бир нече адам болду.

Ал эми интернеттеги социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары жарылуу бир нече жерде болгонун, өрт өчүрүүчүлөр кечигип барышканын айтып чыгышты.

Быйыл 21-февралда Хатлон облусунда да май куюучу станцияда жарылуу болуп, өрт чыккан. Анда 13 адам жараат алып, бирөө каза тапкан.

Тажикистанда машинага май куюучу жайлардын көбү турак жайларга жакын жайгашкан. Үйлөр күйүп, адамдар жабыркаган окуялар буга чейин да катталган. (RK)

XS
SM
MD
LG