Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:23

Медиа уюмдар "Азаттык" болуп көрбөгөндөй кысымга кабылганын айтып, бийликке кайрылышты


Кыргызстандагы отуздан ашуун медиа уюм жана журналисттер “Азаттык” радиосу болуп көрбөгөндөй кысымга дуушар болуп жатканын белгилеп, анын айланасындагы соңку абалга байланыштуу бийликке кайрылуу жолдоду. 28-апрелде жарыяланган кайрылуусунда алар “кысымды жана кылмыш куугунтугун токтотууга, сайттын ишин жандандырууга, банктык эсепке коюлган бөгөттү алып салууга” чакырышты.

Кайрылууда бир гана видеоматериал үчүн “Азаттыкты” “согушка үгүттөгөн” деп айыптоо акылга сыйбаган көрүнүш болуп жатканы, андай шек “жаңжалды тутандыруу идеялары атайылап, системалуу түрдө” жайылтылган учурда гана пайда болушу мүмкүн экендиги белгиленди.

«“Азаттык Медиа” редакциясы андай маалымат тараткан эмес. “Настоящее время” берүүсүнүн сотто каралган материалында журналисттер болгону эки өлкөнүн расмий мамлекеттик органдарынын маалыматын гана айтышкан. Мындай практика иштин кесипкөй стандарттарына шайкеш келет, мында маалымат эки тараптын тең жүйөлөрүн берүү менен чогултулат. Маданият министрлиги өзү да доо арызында “Азаттык Медиа” кыргыз тарап Тажикстандын чек ара кызматы жарыялаган маалыматты четке какканын белгилеген. Сотко өткөн материалдан тышкары 2022-жылдын 13-сентябрынан 17-сентябрына чейин “Азаттык Медианын” командасы Тажикстан менен чек арадагы кырдаалдын айланасында 50дөн ашык материал даярдап, журналисттер болуп жаткан окуя тууралуу чындыкты жеткирип турушкан. Бул контексттен алганда, иликтөө жүргүзүү жана фактыларды текшерүү боюнча кесиптик квалификациясын такай жогорулатып жаткан биздин журналисттер эл аралык коомчулук үчүн ишенимдүү маалымат булагы болуп калышты», - деп айтылды медиа уюмдардын кайрылуусунда.

Алар сот “Азаттыкты” жабуу чечимине негиздүү жүйө келтире албай койгонун белгилеп, коррупцияны ашкерелеген, мамлекетти башкаргандардын жоопкерчилигин жогорулаткан журналисттик иликтөөлөрү, социалдык маанилүү репортаждары менен таанылган редакцияны жабуу “ансыз да чабал демократиябызды өтө маанилүү активден ажыратат” деген оюн билдиришти.

27-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева “Азаттык Медиа” мекемесинин ишин токтотуу тууралуу чечим чыгарган. Андай өтүнүч менен сотко Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги быйыл январь айында кайрылган жана буга жүйө катары “Настоящее время” телеканалынын 2022-жылдын 16-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу түз эфирдеги видеоматериалын келтирген.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай соттун бул чечимин “чектен чыккан” деп атап, ага каршы кийинки инстанцияга арыз берилерин билдирген. Ал “Биздин тарых көрсөткөндөй, адамдар өкмөттүн цензурасына кабылган чынчыл маалыматты кааласа ага жетүүнүн айласын табат”, - деп белгилеген.

Бир катар эл аралык уюмдар соттун чечимин айыптап, кыргыз бийлигин сөз эркиндигине басымды токтотууга чакырып жатышат. Ушундай эле пикирди саясатчылар менен коомдук ишмерлер айтып, бийликти журналисттердин ишмердигине шарт түзүп берүүгө үндөөдө.

Бул иштен тышкары “Азаттыктын” жарым жылдан бери бөгөттөлүп турган сайты жана банктагы чектөөгө алынган эсеби боюнча да өзүнчө соттук териштирүүлөр уланууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG