Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:38

Өзбекстандын БШКсы "референдум өттү" деп жарыялады


Өзбекстандын БШКнын төрагасынын орун басары Бахром Кочкаров
Өзбекстандын БШКнын төрагасынын орун басары Бахром Кочкаров

Өзбекстандын жарандары президент Шавкат Мирзиёевдин бийлик мөөнөтүн 2040-жылга чейин узартууга жол ачкан референдумда добуш берүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясы "референдум өттү" деп эсептелерин билдирди.

“Саат 15:00гө карай 14 миллиондон ашуун адам же тизмедеги шайлоочулардын 77,04% көбү добуш берди”, – деди БШКнын төрагасынын орун басары Бахром Кочкаров.

Коңшу өлкөдө шайлоочулардын бирдиктүү реестрине 19,7 миллион адам киргизилген.

65 жаштагы Мирзиёевдин буга чейин бийликте отурган жылдары жокко чыгарылып, жаңы мыйзамга ылайык дагы эки жолу жети жылдык мөөнөткө жол ачылат.

Добуш берүүдөгү ар кандай мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтарды айрым медиа каражаттары жазды. Gazeta.uz сайты бир эле жаран үй-бүлөсүнүн башка мүчөлөрү үчүн бюллетен таштаса, бир катар университеттердин студенттери добуш бергенин далилдөө үчүн шайлоо тилкесинен сүрөттөрүн тартып жөнөтүшкөнүн кабарлады. Дагы бир нече шайлоо тилкесинде добуш бергендерге бекер аш таркатылганы тууралуу маалымат чыкты.

Мирзиёев 2016-жылы Өзбекстанда ондогон жыл темирдей башкаруу орноткон Ислам Каримовдун көзү өткөндөн бийликке кийин келген.

Каримовдун тушунда өзбек өкмөтүн башкарган Мирзиёев өлкөдөгү репрессивдүү бюрократиялык бийликти модернизациялоого багытталган бир катар реформаларды өткөрүп, экс-президенттин тарапкерлерин бийликтин бийик бутактарынан алып, алардын ордуна жаңы муундун өкүлдөрүн - технократтарды дайындаган. Ал ошондой эле элди пахта жыйымга мажбурлап жиберген өнөкөттү токтоткон.

Бирок активисттер адам укуктары бузулган фактыларды белгилеп, өлкөдө саясий оппозиция жоктугун жана көз карандысыз маалымат каражаттары катуу көзөмөлдө экенин белгилешет.

2022-жылы июлда Каракалпак жумуриятында автономиянын өз алдынча болуу укугунан ажыраткан Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдөн улам нааразылык акциялары башталган. Коңшу өлкөнүн күч органдары аларды аябастан басып, кан төгүлүп, кеминде 21 кишинин өмүрү кыйылган. Ондогон киши камакка алынган.

Баш мыйзамдагы өзгөртүүлөр андан сырткары өлүм жазасын жок кылуу, кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткан жаранга укуктук жардамды кеңейтүү сыяктуу беренелерди камтыйт.

Мирзиёев 2021-жылдын ноябрында ал учурдагы Конституцияга ылайык, экинчи жана акыркы жолу президент болуп шайланган. Анын азыркы мөөнөтү 2026-жылы аякташы керек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG