Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Өзбекстанда туристтик агенттер аркылуу ажылыкка баргандарга айып пул салынат


Өзбекстанда туристтик компаниялар же агенттиктер аркылуу ажылык сапарга баргандарга Сауд Арабияда айып пул салынат. Мусулмандардын дин башкармалыгы жана Дин иштери комитети ушундай билдирүү таратып, мындай жол менен зыяратка баргандар санкцияга туш болорун эскертти.

“Сауд Арабиясынын мыйзамдарына ылайык, ажылык сапар дүйнө өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу уюмдары менен министрликтеринин ортосундагы келишимдин негизинде ишке ашырылат. Эреже бузгандарга Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүндө диний жөрөлгөлөрдү аткарууга мүмкүнчүлүк берилбейт. Натыйжада алар ажылыктын негизги шарттарын аткара алышпайт”, - деп жазылган билдирүүдө.

Эрежеге баш ийбегендер Сауд Арабиясынан чыгарылып, бул өлкөгө кирүүгө 10 жылга тыюу салынат жана 100 миң сауд риалы же 26 миң доллар айыпка жыгылат.

Диний мекемелердин мындай маалыматы соцтармактарда ажылык сапарды уюштуруу кызматы жөнүндө жарнамалар көбөйүп кеткен тушта жарыяланды.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, ажылык сапарды уюштуруу иши Дин иштери комитетине жана Өзбекстан мусулмандарынын дин башкармалыгына жүктөлгөн.

Ал эми кичи ажылык - Умра сапарына туристтик фирмалар менен аркылуу болсо болот.

Быйыл ажылык сапар июнь айынын соңунда башталат. Бул учурда дүйнөнүн булуң-бурчунан мусулмандар Сауд Арабиясынын Мекке жана Медина шаарларына зыяратка барышат.

Ажылык - ислам дининдеги негизги беш парздын бири. Сауд Арабиясы быйыл 12 миңден ашуун өзбекстандыкка ажылыкка барууга квота бөлгөн.

2022-жылы Өзбекстандан 12 045 киши ажылыкка, 61 миңден көбү умра зыяратына барган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG