Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:42

Израил түрмөсүндө ачкачылык жарыялаган Кадер Аднан каза болду


Кадер Аднандын сүрөтү түшүрүлгөн баннердин жанында турган демонстрант. 2012-жыл, февраль. Палестина.
Кадер Аднандын сүрөтү түшүрүлгөн баннердин жанында турган демонстрант. 2012-жыл, февраль. Палестина.

Израил түрмөсүндө "Ислам жихады" радикал тобунун жогорку даражалуу мүчөлөрүнүн бири Кадер Аднан 86 күндүк ачкачылык акциясынан кийин каза болду.

Израилдин түрмө кызматы 2-майда кабарлагандай, Аднан камерада эс-учун жоготуп, ооруканага жеткирилгенде көз жумган. Ал буга чейин ачкачылыктан улам саламаттыгы начарлаганда медициналык кызматтан баш тарткан.

"Ислам жихады" тобу Аднандын өлүмү үчүн Израилге жооп болорун билдирди. Палестин автономиясынын премьер-министри Мухаммед Штайе Израил бийлигин аны "атайылап өлтүргөн" деп айыптады.

Кадер Аднан Израилде акыркы 20 жылдын ичинде бир канча жолу камалып, нааразылык катары ачкачылык акцияларын жарыялаган.

Ал үч ай мурун Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги Арраба шаарында кармалып, терроризмди колдоого айыпталган. Анын иши боюнча сот жараяны май айында башталышы керек болчу.

Аднандын жубайынын айтымында, ал түрмөнүн ооруканасынан жарандык ооруканага которууну талап кылып, дарыгерлердин жардамынан баш тартып келген.

"Би-Би-Си" белгилегендей, Израил бийлиги Аднандын адвокаты менен жолугуусуна уруксат берген эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG