Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:24

Депутат Алиев Кыргызстандын ЕЭКтеги өкүлдөрүнүн ишин сынга алды


Медер Алиев.
Медер Алиев.

Жогорку Кеңештин 4-майдагы жыйынында депутат Медер Алиев Кыргызстандын Евразия экономикалык кеңешиндеги өкүлдөрү өз ишин аткарбай жатат деген оюн айтып чыкты. Ал мындай оюн жыйында Европа өлкөлөрүнөн жана АКШдан ташылып келатып Беларустун чек арасында кармалып турган автоунаалардын маселеси талкууланып жатканда билдирди.

“Ошол жердеги өкүлдөр "тегерек үстөлгө" чогулуп, ЕАЭБдин мүчөлөрү менен ар өкүлдөр өз мамлекетине ыңгайлуулуктарды түзүшөт. Менин пикиримде, биздин ЕАЭБдеги өкүлдөр толук иштебей жатат. Жумушуна келип, кошкөңүл мамиле кылат. Бир нерсе десе эле, “Биз эмне кылабыз? Алсыз, чакан мамлекетпиз, биздин тилибиз өтпөйт” дешет. Бул таптакыр туура эмес. Туура диалог кура албагандыгынан ЕАЭБ аймагында биздин ишкерлерге түзүк преференциялар жок”, - деди Алиев.

Жыйында Бажы кызматынын башчысы Самат Исабеков Беларуста кармалып турган унаалардан арзан баада сатылып алынганы боюнча күмөн документтер табылганын билдирди. Бул боюнча Беларустун Бажы кызматынын жетекчиси менен эки жолу сүйлөшкөнүн кошумчалады.

29-мартта АКШдан, Европадан машина ташып иштеген ишкерлер Беларуста жүздөгөн унаалары кармалып турганын айтып чыгышкан. Алардын айтымында, алды беш айдан бери беларус чек арасында кармалып турган унаалардын саны 500гө чамалайт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул боюнча 29-мартта түшүндүрмө берип, ал өлкөдөгү элчиликтин кызматкерлери иш алып барып жатканын билдирген. Анда айтылгандай, элчиликтин кызматкери 1-февралда Минск аймактык бажы кызматына барганда тралдар ЕАЭБдин бажы аймагына киргизилген товар катары кошумча текшерүүгө алынары белгилүү болгон.

Кыргызстандын Евразия экономикалык комиссиясындагы (ЕЭК) бажы тармагын тейлеген министри - Элдар Алишеров. Анын бул кызматка дайындалганы 1-мартта белгилүү болгон. Андан тышкары дагы бир министр - Арзыбек Кожошев биримдиктеги транспорт, инфраструктура жана энергетика маселелерин карайт. ЕЭКтин эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментин Алтынай Өмүрбекова 2021-жылдын октябрынан бери жетектейт.

XS
SM
MD
LG