Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:45

Тигүү ишканаларынын өкүлдөрү Вьетнамдын тажрыйбасы менен таанышып келишти


Кыргыз делегациясы жалпысынан 60ка жакын ишкананын өкүлдөрү менен жолугуп кайтты.
Кыргыз делегациясы жалпысынан 60ка жакын ишкананын өкүлдөрү менен жолугуп кайтты.

Кездеме токуу жана тигүү өнөр жайы боюнча глобалдык программа (GTEX) алкагында кыргызстандык тигүүчүлөр Вьетнамда иш сапарда болуп кайтышты.

Тигүү компанияларынын жетекчилери жана өкүлдөрү Хошимин шаарындагы ири фабрикаларга барып, жергиликтүү ишканалар менен кызматташтык жолдорун талкуулап, тигүү өнөр жай тармагындагы соңку тажрыйба менен таанышып келишти.

“Легпром” ассоциациясынын президенти Сапарбек Асанов вьетнамдык компаниялар дүйнөлүк рынокто мыкты иштеп жатканын, алардын эмгек өндүрүмдүүлүгү жана өндүргөн продукциясынын сапаты жогору экенин айтып, соңку кезде көп буюртма ала баштаган кыргызстандык тигүүчүлөрдүн алардан үйрөнө турганы көптүгүн белгиледи.

AZIAR Fashion компаниясынын жетекчиси Зарылык Иманкулов өндүрүмдүүлүктү жогорулатуучу көптөгөн жаңы инструменттер менен таанышып келишкенин, жалпысынан 60ка жакын фабрикада жолугушуулар өткөнүн кошумчалады.

Кездеме токуу жана тигүү өнөр жайы боюнча глобалдык программасы (GTEX) Эл аралык ITC соода борбору Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG