Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн командачылыгы 4-май күнү кечинде Киевдин үстүнөн өздөрүнүн учкучсуз учагын атып түшүрдү. Расмий маалыматта айтылгандай, башкаруусун жоготкон украиналык "Байрактар" дрону атып түшүрүлгөн.
Буга техникалык мүчүлүштүк себеп болушу ыктымалдыгы, анын себеби такталып жатканы айтылды. Жабыркагандар жок.
Буга чейин Киевдин мэри Виталий Кличко учкучсуз аппараттын сыныктарынын кулашынан соода борборунун биринчи кабатында өрт чыгып, ал ыкчам өчүрүлгөнүн билдирген. Имараттын сырткы декоративдик бөлүгү зыян тарткан. Эч ким жабыркаган эмес.
Бир күн мурда орус күчтөрү Ирандын "Шахед" дрондору менен Киевге жана Одессага чабуул койгон.