Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

Кытай жана Борбор Азия башчылары эмки аптада саммитке чогулат


Кытай-Борбор Азия тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу. Сиань, 27-апрель, 2023-жыл
Кытай-Борбор Азия тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу. Сиань, 27-апрель, 2023-жыл

Кытайдын президенти Си Цзинпин эмки аптада Борбор Азиядагы беш мамлекеттин башчылары менен саммит өткөрөт. Бул тууралуу Бээжин 8-майда билдирди. АФП кабар агенттиги жазгандай, 18-19-май күндөрдөгү иш-чарага Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттери катышмакчы.

"Быйыркы Жибек Жолунун тоомундагы Сиань тарыхый шаарында өтө турган жолугушуу 31 жыл мурун расмий алака түзүлгөндөн берки мындай форматтагы биринчи саммит болуп калмакчы", - деп билдирди Кытайдын Тышкы иштер министрлиги.

Маалыматка караганда, жыйында экономикалык жана дипломатиялык байланыштарды чыңдоо маселеси каралат.

Министрликтин басма сөз катчысы Ван Вэнбин Си Цзинпин Кытайда жылдын биринчи чоң дипломатиялык иш-чарасы деп саналган саммитте негизги баяндама жасай турганын жана лидерлер биргелешкен “маанилүү саясий документтерге” кол коюшарын билдирди.

Дүйнөнүн экинчи ири энергия керектөөчүсү Кытай Борбор Азиядагы жаратылыш газынын запастарын иштетүүгө миллиарддаган доллар инвестиция салган.

Бээжин Борбор Азия менен “ынак жана жакшы коңшулук” саясатын карманарын айтып келет.

Былтыр сентябрда Си Цзинпин пандемиядан кийинки биринчи чет өлкөлүк сапарын Казакстанга жасаган.

Аймактагы өлкөлөр Шинжаң аймагындагы уйгурлардын жана башка мусулман азчылыктардын куугунтукталышын, адам укуктарынын бузулушун ачык айыптап чыга элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG