Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:31

Баткен: Аткезчиликке шектүүлөр "милиционерлерди сабады" деп камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткенде аткезчиликке шектелген адам жана эки уулу милиция кызматкерлерине күч колдонгону үчүн убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин 10-майда облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 9-майда Баткен районунун Кара-Бак айылында болгон. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери аткезчиликке байланыштуу козголгон кылмыш иши алкагында шектүүнүн үйүнө тинтүү жүргүзүү үчүн барышкан, ал жерде коомдук коопсуздукту жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында жергиликтүү милициядан эки адам да иштеп жаткан.

Шектүүлөр, милиция билдиргендей, «Каршылык көрсөтүп, күч кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, аткезчиликке шектүү жүгүн жашыруу максатында зордук-зомбулук жасап, эки милиционерди уруп салышкан. Натыйжада алар алган жараатынан улам Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө түшкөн».

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 374-беренесинин («Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук») негизинде иш козголуп, шектүүлөр камакка алынды, «аталган үй-бүлөнүн кылмышка тиешеси бар башка мүчөлөрү да такталууда».

Баткендеги Кара-Бак айыл аймагы эки тарабынан Тажикстан менен 36 чакырым чектешет.

2021-жылы Баткенде 29-апрелдеги куралдуу жаңжалдан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жаап, товарларды киргизүүгө тыюу салган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG