Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:14

УКМК "Кыялдагы" коррупциядан улам алты адам кармалганын кабарлады


"Кыял" бирикмесинин аймагындагы базар.
"Кыял" бирикмесинин аймагындагы базар.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Бишкектеги Ош базарындагы "Кыял" улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схема аныкталганын билдирди. Анын алкагында ишкананын мурдагы башчысы, базардын үч текшерүүчүсү (контролер), аталган коррупциялык схемага тиешеси бар эки киши кармалды.

"Президенттин аппаратына караштуу “Кыял” ишканасында имараттарды мыйзамсыз сатуу жана ижарага берүү боюнча туруктуу коррупциялык схемалар аныкталды. Анда ишкананын жооптуу кызматкерлери баюу максатында ишкерлерден жана соодагерлерден такай мыйзамсыз акча чогултуу схемасын уюштуруп алганы белгилүү болду. Мекемелер аралык комиссия мамлекетке келтирилген чыгымдын так суммасын аныктап жатат", - деп жазылган маалыматта.

"Азаттык" буга чейин "Кыялдагы" паракорчулукту иликтеп чыккан. Анда бул мекемедеги коррупциялык схема, ишкана чакан топтун үй-бүлөлүк бизнесине айланганы, акча кымырылган фактылар болгону айтылган.

"Кыял" ишканасы Советтер Союзунун тушунда эле салттуу кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү максатында түзүлгөн. Азыркы имараты 1980-жылдардын аягында курулган. 2004-жылы президенттин жарлыгы менен ишканага "мамлекеттик" деген макам ыйгарылган. 2017-жылы октябрга чейин Мамлекеттик мүлк фондунун карамагында болгон. Андан кийин ошол кездеги өкмөт башчы Сапар Исаковдун токтому менен президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын карамагына өткөрүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG