Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:33

Француз парламенти "Вагнерди" террордук уюм деп тааныган резолюция кабыл алды


"Вагнер" менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин.
"Вагнер" менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин.

Франциянын улуттук жыйынынын депутаттары "Вагнер" менчик аскердик компаниясын Европадагы террордук уюмдардын тизмесине киргизүү резолюциясына 9-майда добуш беришти.

Бул резолюция милдеттүү эмес, символикалык макамга ээ. Анын автору, бийликчил фракциянын өкүлү Бенжамин Хаддад бул резолюция Евробиримдикке мүчө 27 мамлекетти аталган уюмду террордук тизмеге кошоруна шыктандарырат деген үмүттө.

"Вагнерчилер кайда болбосун туруксуздук, зордук-зомбулук жайылтып жүрүшөт. Алар адамдарды өлтүрүп, кыйнап, тоноп, коркутуп, ошону менен бирге эч жазасыз калууда",- деди ал.

Украинанын президенти Владимир Зеленский француз парламентинин резолюциясын кубаттады.

Буга чейин Литванын сейми "Вагнерди" террордук уюмдардын катарына киргизген биринчи европалык парламент болуп калган.

Ушул жылдын апрель айында Евробиримдик "Вагнер" менчик кампаниясын санкциялык тизмеге кошкон. Ал эми жыл башында АКШ аны трансулуттук кылмыштуу уюм катары тааныган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG