Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Орусиянын түрмөсүнөн Украинадагы согушка тартылган дагы бир кыргызстандык каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиядагы түрмөлөрдүн биринен "Вагнер" жеке аскердик компаниясы аркылуу согушка кеткен дагы бир кыргызстандык Чыңгыз Изабеков каза болгону белгилүү болду. Бул тууралуу маркумдун жакындары “Азаттыкка” ырастады. Маалыматка караганда, кыргызстандык жигит октябрда, айрым маалыматтар боюнча ноябрда согушка тартылган. Туугандарына келген кара кагазда январь айынын ортосунда каза болгону көрсөтүлгөн. Маркумдун сөөгү Кыргызстанга апрелде алып келинип, 13-апрелде жерге берилди.

Маалыматтарга караганда, 33 жаштагы Чыңгыз Изабеков Орусияда "тоноо" беренеси боюнча айыпталып камалган.

"Мен анын согушка кеткенин эч билген эмесмин, кийин түрмөдө чогуу отургандардан билип калдым. Буга чейин Кыргызстанга которуу аракетинен эч майнап чыккан эмес", - деди жакындарынын бири. Чыңгыз үй-бүлөдө улуусу болгон, ал кандай шартта, качан камалганы тууралуу башка маалымат айтылган жок.

Украинада орус армиясы былтыр жаз айларында оор жоготууга учурагандан кийин “Вагнер” компаниясы абакта жаткандарды өз катарына кошуп, согушка жөнөтө баштаганы белгилүү болгон.

"Вагнердин" катарында Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын жарандары да бар. Буга чейин орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган беш кыргызстандык каза болгону ачыкка чыккан.

“Вагнер” (“ЧВК Вагнер” же "Вагнердин" жеке аскердик компаниясы) – компаниясы бейрасмий аскердик түзүм. Анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу маалыматтар байма-бай чыгып келет. "Вагнерчилер" бир катар аскердик кылмыштарга айыпталган.

27-январда АКШ “Вагнерди” транс-улуттук кылмыштуу уюмдардын тизмесине киргизип, Орусиядагы компаниянын өкүлдөрүнө жаңы санкция салды. (KE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG