Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:33

Киев: орусиялык күчтөр Бахмутта чегинип жатат


Бахмуттун үстүнөн көрүнүшү. 26-апрель, 2023-жыл.
Бахмуттун үстүнөн көрүнүшү. 26-апрель, 2023-жыл.

Украиналык генерал Олександр Сырский билдиргендей, орусиялык күчтөр Бахмуттун айрым райондорунда эки чакырымга артка чегинди.

Генерал украин армиясынын натыйжалуу коргонуу операциялары "Вагнердин" жалданма аскерлерин жок кылган соң, алардын ордуна даярдыксыз күчтөр келгенин кошумчалады. Ал күчтөр украин армиясына туруштук бере албай, артка чегинүүгө аргасыз болушкан. Орусиялык эки рота толугу менен жок кылынганы маалымдалды.

Ал эми Орусия буга чейин аталган шаарда алдыга жылганын билдирген. Эки тараптын тең билдирүүлөрүн көз карандысыз ырастоо мүмкүн эмес.

10-майдын кечинде Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Орусиянын Укрианага каршы "аскердик операциясы" абдан оор болуп жатканын, бирок айрым максаттар ишке ашканын билдирди.

Ал эми Украинанын президенти Владимир Зеленский 10-майдын кечинде жасаган кайрылуусунда өлкөсү толук куткарылмайынча, артка кайтпоого убада берди.

XS
SM
MD
LG