Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:11

Бокс: Дүйнө чемпионатында мушкер Мунарбек Сейитбек уулу коло медал утту


Мунарбек Сейитбек уулу мелдеш учурунда.
Мунарбек Сейитбек уулу мелдеш учурунда.

Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу бокс боюнча Дүйнө чемпионатында коло медал утту. Ал 12-майда мелдештин жарым финалында өзбекстандык Абдумалик Халоков менен беттешти. Таймаш 1-раунддан кийин дарыгерлер тарабынан токтотулуп, жеңиш өзбекстандык мушкерге ыйгарылды.

Муну менен Мунарбек Сейитбек уулу бокс боюнча Дүйнө чемпионатында байге алган үчүнчү кыргызстандык жана Кыргызстандын эгемендик тарыхындагы алгачкы мушкер болуп калды.

Ага чейин 1986-жылы Орзубек Назаров коло байгенин ээси болгон. 1989-жылы Андрей Курнявка Дүйнө чемпиону болуп, 1991-жылы күмүш байге алган.

Бокс боюнча дүйнө чемпионаты ушу тапта Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында өтүп жатат. Мунарбек Сейитбек уулу чемпионатта 57 килограмм салмакта күч сынашып Пуэрто-Рикодон, Тайланддан, Мексикадан жана Тажикистандан келген мушкерлерди жеңип, жарым финалга чыккан.

30-апрелде башталган бокс боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандын курама командасы (13 мушкерден турат) катышып жатат. Чемпионат 14-майда аяктайт. 1-орунга 200 миң, 2-орунга 100 миң, 3-орунга 50 миң доллар берилет.

Эл аралык бокс федерациясынын (IBA) маалыматына караганда, чемпионатка 100дөн ашык өлкөдөн 600дөн ашык мушкер барган. Мелдешке Орусия жана Беларустун мушкерлерине да катышууга уруксат берилгендиктен, АКШ, Украина баштаган бир катар мамлекеттер ага бойкот жарыялаган жана бир катар өлкөлөрдүн мушкерлери мелдешке катышкан жок. (GT)

XS
SM
MD
LG