Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:25

Таласта “Тоо театрлары фестивалы” өтөт


Талас шаары
Талас шаары

Талас шаарында 22-26-майда Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына жана Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрынын 15 жылдык мааракесине карата “II Тоо театрлары фестивалы” өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук театрдын режиссеру Чолпон Эрик кызы билдирди.

Фестивалга Кыргызстандагы театрлар катышат жана акыркы эки жылда сахналаштырылган, башка фестивалдарга катыша элек спектаклдар калыстар тобунун сынына сунушталып, алар бир нече номинация боюнча ат салышат. Ошондой эле Казакстандын Жамбыл облустук А.Токпаев атындагы музыкалык драма театры конок катары катышат.

Иш-чаранын максаты - тоолуу аймактардагы театрлардын чыгармачыл дараметин өркүндөтүү.

Фестивалды Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, президенттин Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана К.Медетбеков атындагы облустук драма театры уюштурууда.

Мындай кароо-сынак буга чейин 2021-жылы Алай районунун Гүлчө айылында өткөрүлгөн. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG