Бүгүн, 15-майда Бишкек шаарында театр таануучу, жазуучу Людмила Молдалиеванын калемине таандык “Мен – кыргызмын” аттуу китебинин бет ачары өтүп жатат. Кыргыз, орус жана немис тилдеринде чыккан эмгектин таанытымына адабиятчылар, театр ишмерлери жана окурмандар катышууда. Бул иш-чарада анын буга чейин жазган “Сахна, сахна, сахна...” аттуу китеби да коюлду.
Китепте автор Сталиндик репрессия учурунда депортацияланган апасы Мария менен жалган жалаа менен камалып кеткен атасы Жапардын тагдырын жазган.
Людмила Молдалиева - Экинчи дүйнөлүк согуш башталганда депортацияланган советтик немис үй-бүлөлөрдүн биринин мүчөсү. Буга чейин “Азаттыкка” берген маегинде, энеси Мариянын “эмгек лагеринде” кечирген күндөрү, бир тууганы Нина менен басмырланган балалыгы, репрессияга кабылып, түрмөгө түшкөн атасы Жапарды Кыргызстандан кантип издеп табышканы тууралуу айтып берген эле.