Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:31

Ислам өнүктүрүү банкы Суусамыр-Талас-Тараз жолун оңдоого каражат берет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эл аралык өнүктүрүү фонду (ОПЕК) Суусамыр-Талас-Тараз автожолун реконструкциялоого 15 миллион доллар бөлөт. Келишимге Ислам өнүктүрүү банкынын башкаруучулар кеңешинин жылдык жыйынында кол коюлганын Кыргызстандын Финансы министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Андын тышкары, ушул эле жолду оңдоо үчүн Ислам өнүктүрүү банкы 50,2 млн. доллар бөлөт.

Суусамыр-Талас-Тараз жолу Талас облусун Кыргызстандын Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустары менен, Казакстандын түштүк аймактары менен байланыштырат. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги быйыл жолдун 104-198 тилкесин оңдоо пландалып жатканын билдирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG