Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү аял камакка алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип жаткан Асыл Талипова кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу 15-майда “Азаттыкка” Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, анын бөгөт чарасы 13-майда каралып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетттик комитеттин (УКМК) Тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү жарым-жартылай канааттандырылды.

Талипова 27-майга чейин Бишкектеги Тергөө абагына киргизилди. Ошону менен катар сот тергөөчүнү анын жашы жете элек балдары кароосуз кала турган болсо аларды тийиштүү адамдардын же уюмдардын карамагына өткөрүп берүү чараларын көрүүгө милдеттендирди.

Талипованын аты коомчулукка 2021-жылдын октябрында, Бишкектин Октябрь райондук милициясынын мурдагы башчысы Уланбек Аалиев жана дагы бир нече милиция кызматкери анын ишине байланыштуу камакка алынганда белгилүү болгон. Башкы прокуратура алар “Талипованы кыйноого алган, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана пара талап кылган” деп айыпталып жатышканын билдирген.

Талипованын ошол кездеги адвокаты Канат Хасанов аны бошотууну талап кылып, Бишкек милициясынын алдында акция өткөргөн жана алты баланын жалгыз бой энеси эч негизсиз кармалып турганын билдирген. Эртеси күнү аял үй камагына чыгарылган. Анын өзгөчө чоң суммадагы алдамчылык боюнча иши Октябрь райондук сотунда каралып жатканы маалымдалган, чечим чыга элек.

Аалиевдин тарапташтары ага жалган жалаа жабылып жатканын айтып уюштурган акцияларына Талиповага ири суммада акчасын алдырганын айткандар да катышып жүрүшкөн. Алар Аалиевдин тушунда Талиповага иш козголуп, камакка алынганын, бирок кийин ишти Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы өзүнө алгандан кийин Талипова үй камагына чыгарылганын, ал эми акчасын сурап барган 23 кишинин экөөнү “акча опузалап жатат” деп камап коюшканын “Азаттыкка” айтып беришкен.

УКМКнын тергөө абагында 1,2 жыл кармалган Аалиев былтыр декабрда Биринчи Май райондук сотунан акталып, сот залынан бошотулган.

Курулуш компаниясынын жетекчиси катары тааныштырып жүргөн Талипова өзү иорданиялык инвесторлор аралашкан “Нуржанат” компаниясына алданып калганын, буга байланыштуу 2021-жылы милицияга кайрылганын, бирок ал жактагылар 150 миң доллар алып, ишти жаап коюшканын былтыр 9-июнда “Апрель” телеканалына билдирген.

Милиция жана атайын кызмат бул боюнча комментарий бере элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG