Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:16

IBA: легендарлуу өзбек мушкери Руфат Рискиевге өмүр бою пенсия берилет


Руфат Рискиев
Руфат Рискиев

Бокс боюнча алгачкы дүйнө чемпиондорунун бири, 1974-жылы Гаванада (Куба) өткөн биринчи дүйнөлүк чемпионатта алтын медал уткан өзбек мушкери Руфат Рискиев Эл аралык бокс ассоциациясынан (IBA) өмүр бою каржылык колдоо алат.

IBA жетекчиси Умар Кремлев Ташкентте ооруканада жаткан 73 жаштагы Рискиевди көргөнү барды. Жергиликтүү басылмалар Кремлев Рискиевге IBA атынан 10 миң доллар сыйлык бергенин жазышты. Ошондой эле ассоциация ага ай сайын 1000 доллардан төлөп турмай болду.

Бокс боюнча Өзбекстандын легендарлуу чемпиону Руфат Рискиев 2016-жылы тромбоз оорусунан улам оң бутунан ажыраган.

Рискиев СССРдин төрт жолку чемпиону. 1974-жылы Гаванада өткөн биринчи дүйнөлүк чемпионатта 75 килограмм салмак категориясында алтын медал уткан. Эки жылдан кийин Монреалдагы Олимпиада оюндарында күмүш медалдын ээси болгон.

Руфат Рискиев спорттук карьерасында 189 жолу беттешип, анын 174үндө жеңген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG