Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:31

Акылбек Жапаров Казакстандын премьер-министри менен жолукту


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 19-апрелде Алматы шаарында Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов менен жолукту.

Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу Алматы шаарында өтүп жаткан “Европа Биримдиги – Борбордук Азия” экинчи экономикалык форумунун алкагында өттү.

Сүйлөшүүдө тараптар эки өлкөнүн ар тараптуу кызматташтыгы, эл аралык уюмдар менен интеграциялык бирикмелердин алкагындагы мамилелери күндөн-күнгө тереңдеп жана өнүгүп келе жатканын белгилешти.

Акылбек Жапаров биргелешкен аракеттердин натыйжасында кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелери деталдуу талкууланып, өз ара түшүнүшүү, ишеним жана колдоонун негизинде чечилип жатканын белгиледи.

Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов кыргыз-казак кызматташтыгынын күн тартибиндеги бир катар актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн жана эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин канааттануу менен белгиледи.

Өкмөт быйыл эки өлкөнүн аймактарында жогорку деңгээлдеги эки тараптуу интенсивдүү иш-чаралар өткөрүлөрүн билдирди. Тагыраагы, Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги 11-жыйыны, Кыргыз-казак аймактар аралык форумунун биринчи отуруму сыяктуу бир катар иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган.

Жолугушуу соңунда тараптар Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары дагы чыңдоого жана кеңейтүүгө өз ара ниеттерин билдиришти.

18-19-майда Алматы шаарында Евробиримдик – Борбор Азия экономикалык форуму өтүп жатат. Анда негизги үч багыт – жашыл экономикага жана санарип технологияга өтүү, ишкердик чөйрөсүн жакшыртуу жана соода, байланыш маселелерине басым жасалууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG