Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:30

ЕРӨБ Өзбекстанга 15 мектеп курууга грант берет


Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын эн белгиси.
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын эн белгиси.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Өзбекстандын Наманган жана Фергана облустарында эл аралык стандарттарга жооп берген 15 мектеп курууга грант бөлөт. Бул тууралуу өлкөнүн Билим берүү министрлиги билдирди.

Макулдашууга Самаркандда өткөн ЕРӨБдүн Башкаруучулар кеңешинин жылдык жыйынында кол коюлду.

Министрликтин маалыматына караганда, долбоордун жалпы баасы 55-75 миллион доллар.

16-18-май күндөрү ЕРӨБдүн Башкаруучулар кеңешинин Самарканд шаарында өткөн жыйынында бир катар келишимдерге кол коюлганы кабарланган.

Мектепке гранттан тышкары, банк Каракалпакстанда шамал электр станциясын куруу үчүн ACWA Power Wind Karatau компаниясына 19,3 миллион доллар, аэропортторду модернизациялоо үчүн Uzbekistan Airports компаниясына 28 миллион доллар насыя берет.

2017-жылдан бери ЕРӨБ Өзбекстандын экономикасына салган инвестициянын көлөмү 3 миллиард еврого жетти.

XS
SM
MD
LG