Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

"Чоң жети" Украина жана Орусия тууралуу билдирүү кабыл алышты


"Чоң жети" (G7) өлкөлөрүнүн лидерлери, Хиросима, Жапония. 19-май, 2023-жыл.
"Чоң жети" (G7) өлкөлөрүнүн лидерлери, Хиросима, Жапония. 19-май, 2023-жыл.

"Чоң жети" (G7) өлкөлөрүнүн лидерлери Хиросимадагы саммитте Украина жана Орусиянын агрессиясы боюнча билдирүү кабыл алышты. 11 пункттан турган документ Ак үйдүн сайтына жарыяланды.

G7 Украинаны толук колдой турганын билдирип, Орусиянын согушун айыпташты. Орусия Украинага кол салуу менен эл аралык укукту жана БУУнун Уставын бузганы баса белгиленет. Алар орус аскерлеринин Украинанын аймагынан толук жана шартсыз чыгарылышын талап кылышары жазылган.

"Чоң жетини" лидерлерин өзгөчө тынчсыздандырган жагдай - Украинанын өзөктүк коопсуздугу, атап айтканда, Запорожье АЭСи. Алар Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) бул жааттагы аракеттерин колдоп, башка мамлекеттерди да аны колдоого үндөшөт.

19-майда Жапониянын Хиросима шаарында “Чоң жети” блогуна кирген өлкөлөрдүн жетекчилеринин саммити башталды. Үч күндүк жыйынга Британиянын, Германиянын, Италиянын, Канаданын, Франциянын, Жапониянын жана АКШнын лидерлери катышат. Ага Украинанын президенти Владимир Зеленский да барары айтылып жатат. Бирок бул маалымат расмий бышыктала элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG