Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:09

УКМК Сузакта көмүскө иш алып барган медресе аныкталганын билдирди


Сузакта мыйзамсыз иштегени айтылган медресе. Сүрөт УКМКга таандык.
Сузакта мыйзамсыз иштегени айтылган медресе. Сүрөт УКМКга таандык.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мыйзамсыз, жашыруун иштеп жаткан эки медресенин (хужра) ишмердүүлүгү токтотулганын билдирди. Атайын кызмат тараткан маалыматка караганда, Тотуя айылында 2022-жылдын аягынан бери эки медресе эч кандай уруксаты жок иштеп жатканы аныкталган.

"Эркектер медресесинде 25тен ашык балдар (9 жаштан 18 жашка чейин) окушкан. Студенттер медресенин аймагында жашашкан, жашаган жериндеги орто мектептерге барышкан эмес, медреседе сабактар күн сайын 08:00дөн 17:00гө чейин жүргүзүлүп турган. Аялдар медресесинде жергиликтүү тургундардан 40ка жакын аял жана 10 бала билим алып, жума сайын дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин саат 09:00дөн 16:00гө чейин сабактар өтүлүп, жашы жете элек кыздар да орто мектептерге барышкан эмес", - деп жазылган.

УКМКнын маалыматына караганда, медреселерде сабактарды диний билими жок мугалимдер өтүп келгени аныкталган. Алар негизинен Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан текшерилбеген адабияттарды колдонуп, Куран окуп, хадистерди үйрөнүшкөн.

Атайын кызмат текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузуулар боюнча акты жана протоколдор түзүлөнүн билдирүүдө. "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" мыйзамдын, "Жол бузуулар жөнүндө" кодексинин негизинде медресе иштеткендерге 5500 сом өлчөмүндө (ар бирине) айып салынып, ишмердүүлүгү токтотулган.

Мындан тышкары жашы жете элек окуучулар Сузак милициясына жеткирилип, ата-энелер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, тиешелүү протоколдор түзүлгөн.

Кыргызстанда жалпысынан үч жарым миңден ашуун диний уюм каттоодон өткөн. Өлкөдө 2,6 миңдей мечит, 100дөй медресе, 10 ислам институту бар. Христиан багытындагы уюмдардын саны 399, калгандары башка диндерге тиешелүү.

Сот 2003-жылдан бери террорчу жана экстремисттик уюм катары 21 диний бирикменин Кыргызстандын аймагында иштөөсүнө тыюу салган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG