Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:14

Ирандын президенти Жогорку улуттук коопсуздук кеңешинин башчысын алмаштырды


Али Акбар Ахмадиан
Али Акбар Ахмадиан

Ирандын президенти Ибрахим Раиси Жогорку улуттук коопсуздук кеңешинин башчысы Али Шамханини кызматтан алып, анын ордуна Ислам революциясынын сакчылар корпусунун мурдагы жетекчиси Али Акбар Ахмадианды дайындады. Ал 10 жылдан ашуун мурда АКШ, БУУ жана Еврошаркеттин санкцияларына киргизилген.

Жаңы дайындоо тууралуу маалымат 22-майда президенттин расмий сайтына чыкты.

Жетекчилерди алмаштыруу 67 жаштагы реформачыл Шамхани кош жарандыгы бар Алиреза Акбари менен байланышта болчу деген кабарлардын фонунда болуп отурат. Экс-аткаминер Акбари январда Британиянын пайдасына тыңчылык кылган деп соттун өкүмү менен өлүмгө тартылган.

Жогорку кызматта 10 жылдай турган Шамхани Ислам жумуриятынын Перс булуңундагы айрым мамлекеттер, анын ичинде Сауд Арабия менен мамиле түзүүдө негизги роль ойногон.

Таасирдүү жетекчини алмаштыруунун себеби айтылган жок. Бир күн мурда Раиси өкмөттө маанилүү доклад жасап, “мусулман, кошуна, шериктеш өлкөлөр менен карым-катнаштын жана алаканын деңгээлин көтөрүү” керектигин белгилеген.

Ирандын Жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи да өткөн аптада “зарыл болгондо” тышкы саясаттагы ийкемдүүлүк ар кандай тоскоолдуктарды жеңүү үчүн керек экенин билдирген.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG