Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Бишкекте Europe Summer Fest фестивалы өткөрүлөт


Бишкектин Ынтымак паркында 26-27-майда биринчи жолу Europe Summer Fest Bishkek фестивалы өтөт.

Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү уюштуруп жаткан иш-чарага келгендер Батыштын маданияты, соода-сатык жүргүзүүсү, ашканасы, музыкасы менен тааныша алат. Аны Кыргызстандын белгилүү эстрада жылдыздарынын чыгармалары коштойт.

Европа Биримдиги каржылап жаткан Ready for Trade долбоору менен биргеликте европалык бренддердин катышуусунда мода шоу да болот. Долбоор кыргызстандык компанияларга продукцияларды Европага экспорттоого жардам берип келет.

27-майдагы иш-чаралар Германия, Франция, Эстония, Бельгия, Хорватия, Венгрия, Нидерланд, Финляндиянын элчиликтери менен чогуу уюштурулган.

Келгендердин баарына Европа ашканасы, экологиялык жактан таза продукциялар сунушталат. Мындан сырткары 8:00дөн 18:00гө чейин жашыл, санариптик жана жаштар хабдарында, балдар жана улуулар үчүн спорт зонасында көӊүл ачуучу иш-чаралар, оюндар, викториналар жана конкурстар уюштурулат. Фестиваль кыргыз опера жылдыздарынын Жузеппе Вердинин жана Вольфганг Амадей Моцарттын белгилүү классикалык чыгармаларын аткарышы менен аяктайт.

Батыштагы 27 өлкөнүн башын бириктирген Европа Биримдиги менен өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу макулдашууга Кыргызстан 1999-жылы кол койгон. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG