Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:48

Орусиянын Белгород облусунда кармаш жүрүп жатканы кабарланууда


Орусиянын Белгород облусу менен Украина ортосундагы текшерүү пункту. Архивдик сүрөт. Иллюстрация үчүн
Орусиянын Белгород облусу менен Украина ортосундагы текшерүү пункту. Архивдик сүрөт. Иллюстрация үчүн

Орусиянын Белгород облусунун губернатору украин армиясынын "диверсиялык тобу" Украина менен чектеш Грайворон районуна кирип келгенин 22-майда билдирди. Телеграм-каналдагы билдирүүсүндө Вячеслав Гладков орус армиясы жана коопсуздук күчтөрү жапырыктын мизин кайтаруу үчүн чараларды көрүп жатканын айтты. Бул тууралуу кабарлаган Рейтерс агенттиги маалыматты бышыктоо же төгүндөө мүмкүн эмес деп жазды.

Гладков жабыркагандар болбогонун айтып, украин тарапты “маалымат чабуулуна” айыптады. Калктын эвакуациясы тууралуу жарыяланбаганын кошумчалады.

“Свобода” радиосу жазганы боюнча орусиялык жана украиналык бир катар Телеграм-каналдар жана маалымат каражаттары Белгород жана Харьков облустары чектешкен аймакта кармаш жүргөнүн маалымдашты. Интернетте текшерүү пунктуна коюлган чабуул деген видео чыкты. Бирок ал видеолордун канчалык анык экени белгисиз.

Эмиграциялап, Украина тарапта согушуп жаткан оңчул активисттер түзгөн "Орусиянын ыктыярдуу корпусу" буга чейин өз аскерлери орус аймагына дагы бир чабуул койгонун билдирген.

Украина тарабында согушуп жаткан орус жарандарынын дагы бир ыктыярдуу бөлүгү - "Эркин Орусия" деген легион анын мүчөлөрү "Орусиянын ыктыярдуу корпусу" менен бирге Козинка айылын ээлеп, "алдыңкы отряддар Грайворонго киргенин" жарыялады.

Мамлекеттик Думанын мурдагы депутаты, легион менен байланышы бар Илья Пономарев күчтөр "Белгородду көздөй ийгиликтүү жылып жатат" деп Фейсбукка жазды. Бул маалыматты көз карандысыз булактардан ырастоо мумкүн эмес.

Украин армиясы адатта Орусиянын аймагы аткыланган учурлар тууралуу комментарий бербейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG