Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Жарандык активист Илимдер академиясынын алдына пикетке чыкты


Өндүрүш Токтонасыров. 2023-жылдын 23-майы.
Өндүрүш Токтонасыров. 2023-жылдын 23-майы.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн 23-майда Улуттук илимдер академиясынын алдында пикет өткөрдү. Ал “Азаттыкка” билдиргендей, бул акциясы менен академиянын жетекчилигине мурдагы президент Аскар Акаев боюнча позициясын билдирүүгө үндөдү.

Активист колуна “А.Акаевдин дарсы зарылбы? Эмнеге унчукпайсыз?” деген жазуу кармап турду.

2005-жылдагы Март окуясынан кийин Кыргызстандан чыгып кетип, Орусияда башкалкалап жүргөн мурдагы президент Аскар Акаевдин жана жубайы Майрам Акаеванын Бишкекке келгени азыркы учурда талкуу жаратып жатат.

Акаевдерге жакын адамдар ал башкалаада айрым жогорку окуу жайларда лекция окуй турганын билдиргенден кийин бир катар студенттер нааразылыгын билдирип, кайрылуу жасаган. Ушундан кийин анын үч жерде белгиленген дарсы болбой турганын билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев 22-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында жарыялаган.

Илимдер академиясы жана Кыргыз техникалык университети Акаевдин лекциясы пландалбаганын айтып чыгышкан.

Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылы 24-мартта үй-бүлөлүк, авторитардык, коррупциялык бийликке каршы чыккан элдик толкундоонун арты менен бийликтен кулатылган. Ал өлкөдөн качып кетип, ошондон бери Орусияда башкалкалап келет. Ал Орусиянын Илимдер академиясынын, Нью-Йорк илимий академиянын мүчөсү, физика илимдеринин доктору, профессор, бир нече илимий эмгектердин да автору. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG