Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:02

Баткенде жабыркаган ишкерлердин 15 млн. сом насыясы жоюлат


Чек ара жаңжалында өттөлгөн үй. Баткен. 2022-жыл.
Чек ара жаңжалында өттөлгөн үй. Баткен. 2022-жыл.

Бүгүн, 24-майда Жогорку Кеңеш Баткенде жабыркаган ишкерлерге бөлүнгөн 15 млн. сом насыясын жоюуга байланыштуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, колдоду.

"2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыр тарткан Баткен облусунун ишкерлерине берилген бюджеттик кредиттерди эсептен чыгаруу жөнүндө" мыйзам долбоорун Министрлер кабинети демилге кылган.

Буга чейин Финансы министрлиги 200 миң сомдон насыя 76 адамга берилгенин билдирген.

2021-жылы 28-апрелде башталган кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болуп, 170тен ашуун тургун жараат алган. Жаңжалда бир катар үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны мерт болгонун кабарлаган.

Куралдуу кагылыш 2022-жылы 14-17-сентябрда да кайталанып, эки тарап бири-бирин “агрессияга” айыптаган. Анда Кыргызстандын 63 жараны курман болгон, 206 киши ар кандай жараат алган. Бир катар социалдык объектилер, турак жайлар кыйрап, өрттөлгөн.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирсе, “Озоди” өз булактарына таянып, каза болгон делген 80ден ашык кишинин тизмесин жарыялаган. Каза болгондор арасында эки тараптан тең балдар бар.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG