Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:43

Орус абактарындагы 459 жаран Кыргызстанга которулуудан баш тартты


Бишкекте миграция маселеси талкууланган жыйын. 24-май, 2023-жыл.
Бишкекте миграция маселеси талкууланган жыйын. 24-май, 2023-жыл.

Орусиянын абактарында жаткан 459 кыргызстандык Кыргызстанга экстрадиция болуудан баш тартты.

Бул тууралуу 24-майда Бишкекте өткөн жыйында Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин жетекчиси Алмаз Букалаев билдирди.

Ал билдиргендей, былтыр 33 жаран Орусиядан Кыргызстандын абактарына которулган.

"Быйыл 1-кварталда 19 жаран которулду. Дагы 38 жаранды алып келүү боюнча иштер жүрүп жатат", - деди Букалаев.

Ал министрлик чет өлкөлөрдө абакта жаткан 550, анын ичинде Орусияда соттолгон 400дөн ашуун адам менен жеке сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн кошумчалады.

Жыйынга тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Башкы прокуратуранын, эл аралык уюмдардын, миграциялык бирикмелердин өкүлдөрү жана жакындары чет өлкөдө абакта жаткан жарандар катышты.

Расмий маалымат боюнча ушу тапта Орусиядагы жабык жайларда миңден ашуун кыргыз жараны камакта жатат. Орусиядагы "Вагнер" менчик компаниясы түрмөлөрдө отургандарды согушка жалдап келатканы, алардын арасында Борбор Азиядан барган мигранттар да бар экени белгилүү болгон.

"Азаттык" орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган сегиз кыргызстандык каза болгонун тактаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG