Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:20

Ооганстанда селден алты адамдын өмүрү кыйылды


Гор провинциясы.
Гор провинциясы.

Ооганстандын Гор аймагында сел жүрүп, алты адам каза болду. "Талибандын" бийлиги ондогон үйлөрдү суу агызып кеткенин 24-майда билдирди.

Гор провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы Абдул Вахид Хамас Франс-Пресс (AFP) агенттигине билдиргендей, Фирозкох шаарын 23-майда суу каптады. Ошол эле провинциянын Пасабанд районунда да сел жүрдү.

Табият кырсыгында 100дөн ашык үй жана 200 гектарга жакын айыл чарба жери жараксыз абалга келди. Зыяндын көлөмү аныктала элек.

2021-жылы бийликке кайтып келгенден бери “Талибан” кыймылы аялдардын билим алуусуна, мекеме-ишканаларда эмгектенүүсүнө катаал чектөөлөрдү киргизген. Адам укуктарын одоно бузган мындай эрежелерден улам гуманитардык жардам менен алектенген уюмдар Ооганстандан кете баштаган.

XS
SM
MD
LG