Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:39

Сузак: Өз кызын зордуктаган киши өмүрүнүн аягына чейин соттолду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сузакта өз кызын зордуктап жүргөн деген айып менен кармалган киши өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылды. Мындай өкүм бүгүн Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунда чыкканын “Азаттыкка” жабыркаган тараптын адвокаты Мунара Акылбекова бидирди.

Анын айтымында, сот айыпталуучуга коюлган киненин баары далилденди деп чечти:

“Тергөө мезгилинде 42 эпизод боюнча айыбы угузулган – Кылмыш-жаза кодексинин 154 жана 155-беренелеринин баары менен күнөөлүү деп табылды. Ар бири боюнча 15 жыл деп эсептеп, бардык кылмыштарды биротоло кошкондо өмүрүнүн аягына чейин деген жаза берди”.

43 жаштагы жергиликтүү тургун 19 жаштагы кызын жети жашынан бери зордуктап жүргөн деп шек саналып кармалганын райондук милиция быйыл 28-мартта билдирген.

Азырынча айыпталган тарап эч кандай комментарий бере элек.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2022-жылы Кыргызстанда зордуктоого кабылган жашы жете элек балдарга байланыштуу 52 кылмыш иши козголгон, алардын бирөө тараптар элдешип алганы үчүн кыскарган, үч иш кылмыш жасаган адам аныкталбаганына байланыштуу токтоп турат, 34ү сотко кеткен, тогузу тергелип жатат.

Көз каранды эмес изилдөөлөрдүн жыйынтыгында аныкталгандай, зордук-зомбулукка кабылган аялдар менен балдардын окуясынын 60% жабык бойдон кала берет, себеби алар кимге, кайсы жакка кайрылууну билишпейт, айрымдары мамлекеттик органдарга ишенбейт. (AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG