Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:22

Студенттердин сабалышынан улам Орусиянын Дүйшөмбүдөгү элчиси ТИМге чакыртылды


Тажикстандын Тышкы иштер министрлигиндеги жолугушуу.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлигиндеги жолугушуу.

24-майда Орусиянын элчиси Семен Григорьев Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине чакыртылды.

"Жолугушууда Дүйшөмбү Орусияда тажик жарандары түрдүү шылтоолор менен жапырт кармалган фактыларга тынчсызданып жатканы айтылды", – деп жазылган расмий маалыматта.

Билдирүүдө элчи менен 19-майда Комсомольск-на-Амуре шаарында 100дөн ашык тажик студенти сабалган окуя талкууланганы жазылган.

Аталган Техникалык университетте окуган 100дөн ашык тажикстандык студентти өзгөчө багыттагы милиция отрядынын (ОМОН) өкүлдөрү катуу сабаганы тууралуу маалымат 22-майда чыккан. Окуя универститеттин жатаканасында болгон.

Тажикстандын акыйкатчысы Умед Бобозода да орусиялык кесиптеши Татьяна Москальковага кайрылып, студенттердин эмне себептен сабалганын аныктоону өтүндү.

Буга чейин "Озоди" радиосу акыркы апталарда Орусиянын түрдүү аймактарында тажик мигранттарына рейддер күчөгөнүн кабарлап, аларга ырайымсыз мамиле жасалып жатканы тартылган бир нече видеотасманы жарыялаган.

Апта башында Москва облусунун Котельники шаарында 300дөн ашык тажик жараны кармалганы маалымдалган.

XS
SM
MD
LG