Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:36

Армениянын премьери Мария Захарованын билдирүүсүнө жооп берди


Никол Пашинян
Никол Пашинян

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) өкүлү анын сөзүнө комментарий бербестен, аны маалымат иретинде кабыл алышы керектигин билдирди. Бул тууралуу Пашинян парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Буга чейин Орусия ТИМинин өкүлү Мария Захарова Пашиняндын Армения Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ) чыгышы мүмкүн деген билдирүүсүнө комментарий берген.

"Эгер бул Армениянын ЖККУдан чыгуу боюнча позициясын ишке ашыруу үчүн айтылган болсо, анда сөз менен манипуляция кылуунун канчалык деңгээлде кооптуу экенин түшүнүшүбүз керек деп ойлойм", – деген Захарова.

Мурдараак Пашинян Армения менен Азербайжандын ортосундагы жаңжалда ЖККУ так позицияны карманбаганын айтып, бул аскердик уюмду бир канча жолу сынга алган. Ошол эле маалда ал Ереван ЖККУдан чыгууга ниеттенип жатканын түз айткан эмес.

Пашинян шаршемби күнү кечинде Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Москвага барды. Анда армян премьеринин Орусиянын жана Азербайжандын президенттери менен үч тараптуу жолугушуусу пландалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG