Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:35

Алиев: Армения менен тынчтык келишимине жетүү мүмкүнчүлүгү бар


Азербайжандын президенти Илхам Алиев. 3-май, 2023-жыл.
Азербайжандын президенти Илхам Алиев. 3-май, 2023-жыл.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев 25-майда Москвада билдиргендей, бири-биринин аймактык бүтүндүгүн таануунун негизинде Армения менен алакаларды оңдоо үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар.

Армения менен Азербайжан отуз жылдан ашуун убакыттан бери Тоолуу Карабактын айынан кармашып келет. Соңку айлардагы кагылышууларга карабай, Баку менен Ереван тынчтык келишимине кол коюуга кызыкдарлыгын билдиришүүдө.

2020-жылы эки өлкөнүн ортосундагы алты жумалык куралдуу жаңжал Москванын арачылыгы менен токтогон. Бирок келишим туруктуу тынчтыкка алып келген жок, чыңалуу кала берүүдө, зордук-зомбулук кадимки көрүнүшкө айланды.

Эл аралык коомчулук Азербайжандын бир бөлүгү деп тааныган, бирок этностук армяндар үстөмдүк кылган Тоолуу Карабакта Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрү жайгашкан.

АКШ жана Евробиримдик да эки тарапты ортодогу жаңжалды туруктуу жөнгө салууга үндөп келатышат.

1-майда Армения менен Азербайжандын тышкы иштер министрлери АКШнын ортомчулугу менен Вашингтондо жолуккан.

25-майда орус президенти Владимир Путиндин ортомчулугу менен Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян менен Азербайжандын лидери Илхам Алиев жолугушары күтүлүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG