Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:47

Украинада каза болгон 24 миңден ашык орус аскердин тек-жайы такталды


Украинанын Луганск аймагындагы салгылашта каза болгон орус аскерлерин жерге берүү учуру. 18-май, 2023-жыл.
Украинанын Луганск аймагындагы салгылашта каза болгон орус аскерлерин жерге берүү учуру. 18-май, 2023-жыл.

BBC жана "Медиазона" басылмалары Украинадагы согушта өлгөн орусиялык 24005 жоокердин тек-жайын тактады. Акыркы эки жумада журналисттер 1361 кишинин аты-жөнүн аныкташты.

Иликтөөчүлөр өлгөндөрдүн 3 миңден көбү элиталык бөлүктөрдүн аскерлери экенин белгилешүүдө. Тек-жайы аныкталгандардын 4300дөн ашууну түрмөдөн согушка жөнөтүлгөн, 2300гө жакыны мобилизацияга тартылган.

Бирок бул эсеп орус армиясынын Украинадагы жоготуусунун реалдуу санын билдирбей турганын, иш жүзүндө адам өлүмү мындан да көп адам болушу мүмкүн экенин эскертет.

Иликтөөчү кабарчылар медиа каражаттарына чыккан жана жергиликтүү бийлик берген жаңылыктардын, каза тапкандардын туугандарынын социалдык баракчаларга жазган билдирүүлөрүнүн негизинде маалымат топтойт.

Ушул жумада "Вагнер" жалданма аскерлер уюмунун башчысы Евгений Пригожин анын жоочуларынын 20 миңдейи өлгөнүн бышыктаган.

Пентагон орус армиясынын жоготуулары өлгөндөрдү жана жараат алгандарды кошкондо 100 миңден көп деп эсептеген.

Киев майданда 13 миңдей жоокери курман болгонун былтыр жыл соңунда маалымдаган. Орусиянын Коргоо министрлиги акыркы жолу былтыр 21-сентябрда согушта 6 миңдей жоокерин жоготконун билдирген. Адатта согушуп жаткан тараптар курмандыктарынын санын так айтпайт. "Азаттык" радиосу согуш шартында маалыматты өз алдынча текшере албайт.

Орусия Украинага 2022-жылдын 24-февралында басып кирген. Андан бери БУУнун эсебинде сегиз миңден ашуун карапайым украиналыктар набыт кетти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG