Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:44

БШК: Бишкекте шайлоодогу мыйзам бузууга байланыштуу алты арыз түштү


Бул райондон Жогорку Кеңештин депутаттыгына 29 талапкер ат салышып жатат.
Бул райондон Жогорку Кеңештин депутаттыгына 29 талапкер ат салышып жатат.

Бишкектеги бир мандаттуу Ленин шайлоо округунда добуш башталгандан саат 11.00гө чейин алты арыз түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Тынчтык Шайназаров брифингде билдирди. Анын ырасташынча, кайрылуулардын үчөө үгүт иштерине байланыштуу болсо, калганы добуш сатуу тууралуу.

Шайназаровдун айтымында, Ленин райондук милициясы төрт арызды териштирүүдөн баш тартты, ал эми добуш сатып алууга байланыштуу эки кайрылуу текшерилип жатат.

Бүгүн, 28-майда Ленин округу боюнча парламент депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жатат. Бул райондон Жогорку Кеңештин депутаттыгына 29 талапкер ат салышууда.

Алардын үчөө, тактап айтканда Равшан Жээнбеков, Илгиз Сарылдык уулу жана Акыл Айтпаев тергөө абагында кармалып турат.

Талапкерлердин арасында Эркин Булекбаев, Максат Кунакунов, Данияр Тербишалиев, Өмүрбек Суваналиев, Дамира Ниязалиева, Турсунбай Бакир уулу, Ажыбек Касмалиев, Акин Токталиев, Руслан Бекназаров өңдүү саясатчылар жана коомдук ишмерлер бар.

Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиришинче, жалпысынан 51 добушкана ачылды. Округда шайлоочулар тизмесинде 125 миңге жакын адам бар. Добушканадан сырткары 83 адам добуш берди.

Кыргызстанда соңку парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн. Анда Ленин округунан 14 адам талапкер болууга арыз тапшырган. Натыйжада эң көп добуш алып, депутат болгон Жаныбек Абиров быйыл мартта өзү аралашкан мушташтан улам мандатын тапшырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG