Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Президент Жапаров Эрдоганды куттуктады


Садыр Жапаров, Режеп Тайып Эрдоган. Архив сүрөт. 
Садыр Жапаров, Режеп Тайып Эрдоган. Архив сүрөт. 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түркиядагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында атаандашынан көп добуш алган Режеп Тайып Эрдоганды жеңиши менен куттуктады. Жапаров бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал "Түркия атаандаштык жана демократиялык шайлоонун үлгүсүн көрсөттү” деп белгиледи.

“Биздин өлкөлөр ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелер мындан ары да стратегиялык өнөктөштүк жана боордоштук деминде бекемделе берерине толук ишенем”, - деп жазды президент Жапаров.

"Анадолу" маалымат агенттигинин маалыматына ылайык, үкөктөрдүн 99,85% саналып бүттү. Жыйынтыгында Режеп Тайып Эрдоган 52, 16% добуш алды. Анын атаандашы, бирдиктүү оппозициянын талапкери Кемал Кылычдароглуна шайлоочулардын 47, 84% добуш берген.

Эрдоган Стамбул шаарында миңдеген тарапташтарына кайрылып, "шайлоодо Түркия жеңди" деди. Ал алгачкылардан болуп Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев телефон чалып, жеңиши менен куттуктаганын кошумчалады.

Жекшембидеги шайлоонун алдын ала жыйынтыгын уккан жүз миңдеген жаран Анкара, Стамбул жана Анталия сыяктуу ири шаарларда көчөгө чыгып, Эрдогандын жеңишин майрамдай баштады.

Президенттик шайлоонун экинчи айлампасында жеңишке жеткен талапкер 2028-жылга чейин, беш жылдык мөөнөткө шайланат.

Эрдоган 21 жылдан бери бийликте турган АК партияны жетектеп келет. Ал буга чейин Стамбул шаарынын мэри, өлкөнүн премьер-министри кызматтарын аркалаган. Быйыл ошондой эле 29-октябрда Түркия жумуриятынын 100 жылдыгы белгиленет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG