Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:46

Самаркандда кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча документ бекитилди


Самарканддагы жолугушуунун катышуучулары. Министрлер кабинети жарыялаган сүрөт.
Самарканддагы жолугушуунун катышуучулары. Министрлер кабинети жарыялаган сүрөт.

Өзбекстандын Самарканд шаарында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын жолугушуусу болду. Кыргызстандын Министрлер кабинети кабарлагандай, жумушчу топтордун жыйындары жана Биргелешкен демаркация комиссиясынын биринчи отурумунда чек аранын айрым тилкелери боюнча биргелешкен изилдөөлөрдүн жыйынтыгы талкууланды.

Жыйынтыгында тараптар мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча ченемдик-укуктук жана техникалык документтерди бекитишти. Тиешелүү протоколдорго кол коюлду.

Эки өлкөнүн чек арасын делимитация жана демаркациялоо аяктаганын президент Садыр Жапаров быйыл 27-январда Бишкекке мамлекеттик сапар менен өзбек президенти Шавкат Мирзиёев келип кеткенде айткан.

Жапаров бул күндү тарыхый деп атап, чек ара маселесине чекит коюлганын билдирген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG