Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:10

Токаев Лукашенконун өзөктүк курал тууралуу сөзүнө жооп берди


Беларустун лидери Александр Лукашенко жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Нур-Султан, 24-октябрь, 2019-жыл.
Беларустун лидери Александр Лукашенко жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Нур-Султан, 24-октябрь, 2019-жыл.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Беларустун авторитардык башчысы Александр Лукашенконун айтканын «тамаша» катары кабыл алганын айтты. Лукашенко Казакстанга өзөктүк куралга ээ болуу үчүн Орусия менен Беларустун союзуна кошулууну сунуштаган.

«Мен анын тамашасын абдан бааладым. Менимче, мунун эч кандай зарылчылыгы жок. Анткени Евразия экономикалык биримдиги сыяктуу башка интеграциялык да бирикмелер бар. Ал эми өзөктүк курал тууралуу айтсак, анын бизге кереги жок», - деди Токаев Акордо тараткан видеодо.

Лукашенко орус телеканалы менне болгон маегинде эгерде Казакстан же башка бир мамлекет "өзөктүк куралдуу болгусу келсе, союзга кошулса болорун" айткан.

Орусия менен Беларустун ортосунда союздук мамлекет түзүүнүн жол картасы боюнча "интеграциялык декретке" 2021-жылы ноябрда кол коюлган.

24-майда Москвада өткөн Евразия экономикалык форумунда Токаев ЕАЭБдин ичиндеги эки өлкөнүн интеграциясы менен калган үч мүчө мамлекетин интеграциясындагы айырмачылыктарга басым жасаган.

"Евразия экономикалык биримдигинин ичинде Беларус менен Орусиянын союздук мамлекети бар. Башкача айтканда, бирдиктүү саясий, юридикалык, аскердик, экономикалык, валюталык, маданий, гуманитардык мейкиндик түзгөн “эки өлкө – бир мамлекет" деген формула менен дүйнөнүн саясий тарыхында уникалдуу прецедент, же феномен пайда болду. Алардын бирдиктүү союздук өкмөтү жана парламенти бар. Кечиресиз, алтургай ядролук куралы да орток" - деген эле казак лидери.

Токаев ошондой эле Казакстандын, Кыргызстандын, Армениянын интеграциясы башка деңгээлде жүрүп жатканын белгилеген.

25-майда Москва менен Минскинин өкүлдөрү Беларуста тактикалык өзөктүк курал жайгаштыруу боюнча документке кол коюшкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG