Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:04

ТИМ депутаттын кыздарды сыртка чыгаруу боюнча талаштуу сунушуна талдоо жүргүзөрүн билдирди


ТИМ имараты.
ТИМ имараты.

Тышкы иштер министрлиги кыз-келиндерди чет өлкөгө чыгаруу боюнча талдоо жүргүзүп, жакында Министрлер кабинетине сунуш киргизүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин 29-майдагы жыйынында министрдин орун басары Алмаз Имангазиев билдирди.

Депутат Шайлообек Атазов кыздарды сыртка чыгарууга тыюу салбай, алар кайсы өлкөгө, кандай максатта бара жатканын көзөмөлдөө керек деген оюн айтты. Буга чейин депутат Надира Нарматова 23 жашка чейинки кыздарды сыртка чыгарууга тыюу салууну сунуштап, коомчулуктун сынына кабылган.

2022-жылы Атазов 18-20 жаштагы кыздарды миграцияга ата-энеcинин коштоосу менен же күйөөгө чыккандан кийин гана жиберүү керек деген демилге менен чыгып, ага каршы акция өткөн. Анын катышуучулары миграцияга кетип жаткан кыздар тууралуу депутаттын айтканын кескин сындап, мандатын тапшырууну талап кылышкан.

Кыргызстанда мыйзам боюнча 18ге чыккан адам өлкөдөн ээн-эркин чыгып-кирүүгө укуктуу. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG