Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:30

Президент Жапаров Кумтөрдү алууга Аскар Акаев жардам бергенин айтты


Аскар Акаев.
Аскар Акаев.

Президент Садыр Жапаров мурдагы президент Аскар Акаевдин өлкөгө келип сурак бергени, анын көрсөтмөлөрү Кумтөрдү Кыргызстанга алууда пайдалуу болгонун билдирди.

Бул тууралуу президент "Кабар" маалымат агентигине курган маегинде айтты.

Жапаров Аскар Акаев Кыргызстанга келсе, камалбасына кепилдик берилгенин билдирди.

"Аскар Акаевге бир дагы кылмыш иши козголгон эмес экен. Албетте, кылмыш иши козголбогондон кийин издөөдө болгон эмес. Ошондуктан Кумтөрдү “Центеррадан” талашып жатканда көрсөтмө берип кетиңиз деп атайын чакырганбыз. Камалбасына кепилдик бергенбиз. Кепилдик бербесек да, камаганга эч кандай юридикалык негиздер жок эле. Келди, сурак берип кетти. Ал кишинин суракта берген көрсөтмөлөрү Кумтөрдү Кыргызстанга алганга абдан пайдасы тийди. Анткени ошол мезгилде мамлекет башында турган. Ошол мезгилде кетирген каталарын дагы ушул жерден оңдоп кетти десем болот", - деди Жапаров.

Мамлекет башчы мурдагы президент Аскар Акаевдин өлкөгө келип жогорку окуу жайда лекция окушуна, моралдык жоопкерчилиги жөнүндө суроого "тарых баа берет" деп жооп берди. Президент СССР тарагандан кийин кыйын учур болгонун белгилеп, Акаевдин Кумтөр боюнча кемчилиги болгонун айтты. Анын ишмердүүлүгүнүн жетишкендиги катары алгачкылардын болуп улуттук валютаны жүгүртүүгө киргизгенин атады.

2005-жылдагы Март окуясынан кийин Кыргызстандан чыгып кетип, Орусияда баш калкалап жүргөн мурдагы президент Аскар Акаевдин жана жубайы Майрам Акаеванын Бишкекке келгени азыркы учурда талкуу жараткан.

Акаевдерге жакын адамдар ал башкалаада айрым жогорку окуу жайларда лекция окуй турганын билдиргенден кийин бир катар студенттер нааразылыгын билдирип, кайрылуу жасаган. Ушундан кийин анын үч жерде белгиленген дарсы өтпөй турганын билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев 22-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында жарыялаган.

Илимдер академиясы жана Кыргыз техникалык университети Акаевдин лекциясы пландалбаганын айтып чыгышкан.

Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылы 24-мартта үй-бүлөлүк, авторитардык, коррупциялык бийликке каршы чыккан элдик толкундоонун арты менен бийликтен кулатылган. Ал өлкөдөн качып кетип, ошондон бери Орусияда башкалкалап келет. Ал Орусиянын Илимдер академиясынын, Нью-Йорк илимий академиянын мүчөсү, физика илимдеринин доктору, профессор, бир нече илимий эмгектердин да автору. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG