Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:56

Парламентте Боз-Бөлтөк тоосуна байланышкан маселе каралды


Боз-Бөлтөк тоосунун аймагындагы ишкана.
Боз-Бөлтөк тоосунун аймагындагы ишкана.

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети 30-майдагы жыйында Аламүдүн районундагы Боз-Бөлтөк тоосунун аймагында кум-шагыл казууну токтотуу маселеси көтөрүлдү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Медетбек Маметовдун айтымында, Боз-Бөлтөк тоосунун аймагында кум-шагыл, чопо казып алууга 14 компания лицензия алган. Аймакта Кызыл китепке кирген жаныбарлар бар деген маалыматтар түшкөн. 2022-жылы 31-августта Байтик Канай уулунун 200 жылдык мааракесинде президент Садыр Жапаров аны тарыхый жер деп атагандан кийин ишканаларга байланыштуу жумушчу топ түзүлгөн.

Мекемелер аралык жумушчу топ Боз-Бөлтөк тоосунда этномаданий комплекс түзүү, Кызыл китепке кирген өсүмдүктөр менен жаныбарлардын сакталышын камсыздоо маселесин караган.

"Буйрукка кол коюлуп, күчүнө кирип калса, Боз-Бөлтөк тоосуна байланыштуу бардык маселе чечилет. Бирок, Бишкек шаарында жана тегерегиндеги айылдарда материалдардын баасы кескин кымбатташы мүмкүн. Аны дагы эске алгыла. Ошондой эле Боз-Бөлтөк тоосу жайгашкан айыл өкмөттөргө төлөнүп туруучу каражаттар токтотулуп,киреше бир топ азайып калышы мүмкүн”, - деди Медетбек Маметов.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова аймакты тарыхый-маданий жана жаратылыш мурас катары кабыл алуу үчүн иш аткарылышы керек экенин айтты.

“Тагыраагы, өзгөчө корук түзүп, анын чек арасын аныктоо зарыл. Мындан тышкары, жергиликтүү эл тарабынан көтөрүлгөн көрүстөн маселеси да ачык бойдон калууда. Бул көйгөйлөрдү чечпей туруп, этномаданий комплекс уюштуруу маселесине кирише албайбыз”, - деди Айнура Аскарова.

Комитет мүчөлөрүнүн көпчүлүгү жергиликтүү элдин көпчүлүгү кум-шагыл казууга каршы экенин айтышты.

Эл өкүлдөрү өндүрүштүк ишканалар тургундардын ден соолугуна зыян келтирип, Кызыл китепке кирген өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын жок болушу, Байтик, Таш-Дөбө, Орок айылдарындагы жайыттардын кыскарышы сыяктуу жүйөлөрдү келтиришти.

Комитет төрагасы Азизбек Турсунбаев жооптуу мамлекеттик органдардын жетекчилери чечкиндүү чара көрүшү керек экенин белгиледи.

“Биз эки сааттан бери башыбызды оорутуп кандай чечим кабыл алабыз деп отурганча ал жакта 40 миң кышты, жүздөгөн машине кум-шагылды сатып жатат. Алар эки эле компания. Мен бул жердеги кесиптештериме кошулам. Силер чечкиндүү кадамга барышыңар керек”, - деди Турсунбаев.

23-майда ааталган комитеттин мүчөлөрү Боз-Бөлтөктүн тоосунун аймагында кум-шагыл казып алектенген ишканалардын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып келген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG