Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:47

ТИМ: 18-23 жаштагы кыздардын сыртка чыгышын чектөө Конституцияга каршы келет


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыз-келиндерди чет өлкөгө чыгарууга чектөө коюу тууралуу парламентте айтылган сунуш боюнча позициясын билдирген түшүндүрмө таратты.

18-23 жаштардагы жарандардын Кыргызстандын аймагынан сыртка чыгышын чектөө Конституцияга каршы келери жана негизги адам укуктары менен эркиндигин бузуу болуп саналары белгиленген.

Министрлик чет жактагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү, Кыргызстандагы активисттер жана Жогорку Кеңештин айрым депутаттары мындай демилгени маал-маалы менен көтөрүп жатканын, маселени талдоо үчүн эки жолу талкуу уюштурулганын маалымдады.

“Талкуулардын жыйынтыгында министрлик чет жактагы кыргыз жарандарынын арасында кылмыштуулукту азайтуу жана тышкы миграцияга байланыштуу абалды, анын ичинде аялдардын шартын жакшыртуу боюнча мамлекеттик органдарга сунуш даярдап жатат. Ал сунуштар аялдардын сыртка чыгуусуна кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүүгө байланыштуу эмес, миграциялык коопсуздук шарттарын жакшыртуу жана чет жакта жүргөн кыз-келиндерди коргоого багытталган”, – деп айтылат билдирүүдө.

Кыздарды сыртка чыгарууга тыюу салуу сунушу парламентте маал-маалы менен көтөрүлүп, коомчулукта катуу сын-талкууга кабылып келет.

Тармактык комитеттин 29-майдагы жыйынында мурда мындай демилге менен чыккан депутат Шайлообек Атазов өз оюн эл туура эмес түшүнүп алганын, "кыздардын кайсы өлкөгө, кандай максатта бара жатканын көзөмөлдөө керек" деген ойду айткысы келгенин түшүндүргөн.

Жыйынга катышкан тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев маселеге байланыштуу талдоо жүрүп жатканын жана жакында Министрлер кабинетине сунуш жиберилерин маалымдаган.

Атазов былтыр Жогорку Кеңештин трибунасынан “18-20 жаштагы кыздарды миграцияга ата-энеcинин коштоосу менен же күйөөгө чыккандан кийин гана жиберүү керек” деп айткан. Ушундай эле пикирди андан кийин депутат Надира Нарматова билдирген. Буга коомчулукта сын айтылып, нааразылык акциялары да өткөн.

Кыргызстанда мыйзам боюнча 18ге чыккан адам өлкөдөн ээн-эркин чыгып-кирүүгө укуктуу. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG