Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:10

"Асман" шаарынын курулушу 30-июнда башталары айтылды


Асман шаарынын долбоорунун сүрөтү.
Асман шаарынын долбоорунун сүрөтү.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Ысык-Көлгө салынуучу "Асман" шаарынын курулушу 30-июнда башталарын билдирди. Жапаров бул тууралуу Чолпон-Ата шаарында жаңы курулган парктын ачылышында айтты.

"Бир жарым жылдан бери долбоорлорун, кагаздарын даярдадык. "Асман" шаарынын долбоору даяр болуп калды. Кудай буюрса, 30-июнда кутучасын салабыз. Шаар 500 миңден 700 миңге чейин киши жашай турган 4 миң гектарга түшөт. Кыргызстандан бир тыйын акча короткон жокпуз. Анткени шаар сала турган акчабыз да жок. Сырттан инвесторлорду топтоп келип салдырган жатабыз", - деди Жапаров.

Жапаров жергиликтүү элди инветорлорго тоскоолдук кылбоого чакырды.

22-марта "Асман" шаарын куруу иши мамлекеттик дирекциядан президенттин иш башкармалыгына өткөн. Анда "бул чечим натыйжалуулукту жогорулатуу үчүн кабыл алынганы" белгиленген.

Бийлик Ысык-Көлдүн жээгине кеминде 500 миң жашоочуга ылайыкташкан, экологиялык, заманбап, бардык шарттары бар шаар курула турганын 2021-жылы жайында жарыялаган.

Анда бул шаар Балыкчыга 15 чакырым жакын жерде, Тору-Айгыр айылынын өйдө жагына курулары, толугу менен 7-10 жыл аралыгында салынары айтылган.

Долбоор Бишкектеги ыш көйгөйүн чечүүнү, туризмди өнүктүрүүнү көздөрү белгиленген. Баштапкы долбоордо шаар үстүнөн караганда комузга окшош болору көрсөтүлгөн. Өкмөт Асман шаарын куруу дирекциясын 2021-жылы сентябрда түзгөн.

Бир катар жарандык активисттер долбоорго каршы чыгып, “Асман шаарынын курулушуна жол жок” деген кыймыл түзүлгөн. Алар Ысык-Көл менен анын жака белиндеги жерлер коргоого алынган биосфералык аймакка кире турганын, шаар курулса, экологиялык каатчылыкка себеп болушу ыктымал экенин эскертишкен.(TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG